• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Казакстан Кыргызстанга коронавируска каршы вакцина берет

COVID - 19 0

Бишкек, 22.06.21. /Кабар/. Казакстан Кыргызстанга гуманитардык жардам катары коронавируска каршы QazVac вакцинасынын 50 миң дозасын берет. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, казак вакцинасы ушул аптанын аягында келет. «Учурда маселе элчилик аркылуу чечилүүдө», - деп айтылат маалыматта.

Маалымат үчүн: Казакстандын QazCOVID-in вакцинасы Биологиялык коопсуздукту изилдөө институту тарабынан өндүрүлгөн.

Пикир

Оставить комментарий