• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Республика боюнча акыркы суткада 2 медкызматкер коронавирустан каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 07.07.20. /Кабар/. Республика боюнча акыркы суткада 2 медкызматкер коронавирустан каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, Ош шаарындагы Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкери жана Ысык-Көл облустук ооруканасынын балдар бөлүмүнүн жетекчиси илдеттен каза болду.

Белгилей кетсек, азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 8141ге жетти. Алардын ичинен 1225и медицина кызматкери. Илдеттен 2916 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 99 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий