• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Кыргызстанда сутка ичинде 172 адамдан COVID-19 табылып, 4 бейтап каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 04.04.21. /Кабар/. Кыргызстанда бир суткада коронавирус 172 адамдан табылды. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдирди.

Маалыматка ылайык, Бишкекте –124, Ош шаарында – 2, Чүй облусунда – 33, Ош облусунда -1, Талас облусунда -1, Ысык-Көл облусунда – 10, Жалал-Абад облусунда – 1 кишиден илдет табылган.

Ал эми бир сутка ичинде 87 адам коронавирустан айыгып чыккан. Алсак, Бишкекте – 44, Ош шаарында – 1, Чүй облусунда – 30, Ысык-Көл облусунда – 5, Жалал-Абад облусунда - 2 жана Баткен облусунда -3 киши айыкты.

Сутка ичинде COVID-19 илдетинен Бишкекте 3, Чүй облусунда 1 адам каза болду.

Бүгүнкү күнү стационарларда коронавирустан 625 бейтап, амбулатордук түрдө 768 адам дарыланууда.

“Бир сутка ичинде өлкө боюнча 7 медициналык кызматкер коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Пандемия башталгандан бери 4 миң 266 медицина кызматкери коронавирус жуктуруп алган, алардын ичинен 4 миң 206 медкызматкер айыгып чыкты”, - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда пандемия башталгандан бери 89 миң 14 адам коронавирус жуктурган. Алардын ичинен 85 миң 164 киши айыгып чыкса, 1 миң 506 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий