• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Кыргызстандагы билим берүү мекемелери күз-кыш мезгилине даяр

Коом 0

Бишкек, 15.09.23. /Кабар/. Кыргызстандагы билим берүү мекемелери күз-кыш мезгилине даяр. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйында билим берүү жана илим министринин милдеттерин убактылуу аткаруучу Уланбек Усеков билдирди.

Анын айтуусуна караганда, мектептердин бардыгы көмүр менен камсыз болду жана жылытуу мезгилине даярдык көрүү үчүн каражат бөлүнгөн.

Ал белгилегендей, өлкөдө 2177 мамлекеттик жана муниципалдык мектеп бар, анын ичинен 1179у көмүр менен, 706сы электр энергиясы менен жылытылат. 211и борбордук жылуулукка кошулган, 58и аралаш жылытуу, 23 мектеп газ менен жылытылат.

Ал эми өлкө боюнча 1678 мамлекеттик жана муниципалдык балдар бакчасы бар, анын 1003ү көмүр менен, 425и электр энергиясы, 166сы борбордук жылуулук аркылуу, 68и аралаш жылытуу жана 21и газ менен жылытылат.

Пикир

Оставить комментарий