• 88.35
  • 95.16
  • 0.95

Кыргызстандык режиссердун "Аврора" тасмасы "Оскар" сыйлыгынын тизмесине кирди

Маданият 0

Бишкек, 10.10.19. /Кабар/. Кыргызстандык режиссер Бекзат Пирматовдун "Аврора" тасмасы "Оскар" сыйлыгынын тизмегине кирди. Бул тууралуу америкалык кино академиянын сайтында жарыяланды.

"Аврора" тасмасы "Эл аралык мыкты көркөм кино" сыйлыгына көрсөтүлүүдө. Буга чейин "Аврора" "Мыкты чет тилдеги кино" деп аталган.

Кино академиясынын маалыматына ылайык, 93 тасма аталган сыйлыкка көрсөтүлгөн. "Оскарга" Гана, Нигерия жана Өзбекстан алгачкы жолу билдирүү жиберишкен.

Сыйлыктын тизмеги 16-декабрда элге жарыяланат. Талапкерлердин негизги тизмеги 13-январда белгилүү болот. Ал эми, "Оскар" сыйлыгынын жеңүүчүлөрү 2020-жылы 9-февралда аныкталат. Ошол күнү сыйлык тапшыруу аземи болот.

Маалыматта айтылгандай, тасма Ысык-Көлдүн "Аврора" эс алуу жайында тартылган. Тасманын каармандары кээде каргашалуу кээде тамашалуу окуяларга туш болушат. Андан тышкары, тасмада өлкөнүн көйгөйлөрү чагылдырылган.

Пикир

Оставить комментарий