• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Кыргызстандыктар май айында канча күн эс алышары айтылды

Коом 0

Бишкек, 20.04.21. /Кабар/. Кыргызстандыктар май айында 3 күн эс алышат. Бул тууралуу Саламатык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1, 5 жана 9-май майрам күндөрү. 1-май ишемби күнүнө туура келгендиктен дүйшөмбү күнү эс алуу күнү болушу керек эле. Бирок буга чейин ал эс алуу күнү 8-январга жылдырылган. Андыктан дүйшөмбү, 3-май жумушчу күн болуп эсептелинет.

Ал эми 5-май (шаршемби) эс алуу күнү. 9-май жекшемби күнүнө туш келгендиктен, 10-майга жылдырылат.

Ошондой эле майда Орозо айт белгиленет. Учурда анын так күнү аныктала элек.

Мындан улам кыргызстандыктар 5, 10-майда жана Орозо айт күнү эс алышат.

Пикир

Оставить комментарий