• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Кыргызстандыктардын Германияда билим алуу жана ишке орношуу маселеси талкууланды

Коом 0

Бишкек, 29.08.23. /Кабар/. Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев "Немис академиясы" окуу борборунун директору Самара Журабаева менен биргеликте Германиянын иш менен камсыз кылуу "АНА! Aupair & Personal Agentur" жана "Proma-facility" агентстволорунун өкүлдөрү Анетт Зиверт жана Хакан Сальман менен жолугушту.

Белгиленгендей, аталган агенттиктер Германияда Кыргызстандын жарандарын ишке орноштуруу, анын ичинде "AuPair" жана "FerienJob" маданий алмашуу программалары аркылуу жөнөтүү менен алектенет.

Жолугушууда элчи Текебаев КР жарандарынын Германияда билим алуу жана ишке орношуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү кыргыз-герман кызматташтыгынын артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин билдирди.

Өз кезегинде “Немис академиясы” окуу борборунун директору Самара Журабаева жана Германиянын иш менен камсыз кылуу агенттиктеринин өкүлдөрү элчиликке бул багытта жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат беришти.

Жолугушууда кыргызстандык студенттердин Германияда жүрүүсүнө байланыштуу айрым көйгөйлүү маселелер, ошондой эле аларды мындан ары Германияга жөнөтүү үчүн Кыргызстандын аймактарында адистерди даярдоо борборлорун ачуу мүмкүнчүлүгү да козголду.

Элчи Өмүрбек Текебаев жарандарды иш менен камсыз кылуу маселесин алдыга жылдырууда системалуу мамиле кылуу зарылдыгын, ошондой эле Кыргызстандан Германияга жайкы сезондук жумуштарга студенттерди жөнөтүүнү уюштуруу процессин тартипке келтирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Пикир

Оставить комментарий