• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Кыргызстандын аймагында эл аралык стандарттарга жооп берген 8 мал союла турган жай бар

Коом 0

Бишкек, 17.02.20. /Кабар/. Кыргызстандын аймагында эл аралык стандарттарга жооп берген 8 мал союла турган жай бар. Бул тууралуу инспекциянын башчысы Калысбек Жумаканов Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинде Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын 2020-жылга карата кабыл алынган иш-пландары, тармактык артыкчылыктуу багыттары жөнүндө маалымат угулуп жатканда билдирди, деп маалымдайт ЖК басма сөз кызматы.

«Ушу тапта Кыргызстандын аймагында эл аралык стандарттарга жооп берген 8 мал союла турган жай бар. Алар этти экспорттоого укук ала турган атайын реестрге киргизилген. Ал тизмеде жалпысынан эт, сүт, бал, балык өнүмдөрүн чыгарган 114 ишкана катталган. Жеке ветеринарлар менен келишим түзүлгөн. Аларды жумуш менен камсыз кылдык десек да болот. Жеке ветеринарлардын ар биринин өзү кызмат көрсөтө турган аймагы бар», - деди Калысбек Жумаканов.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 2565 жеке ветеринар бар, ал эми мамлекеттик ветеринарларды кошкондо – 3766.

Пикир

Оставить комментарий