• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстандын элитасын тазалоо керек - президент

Президент 0

Бишкек, 30.08.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Бишкектеги оңдолгон ЖЭБди ачуу учурунда президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстандын элитасын тазалоо керектигин айтты.

Анын айтымында, улуу муундун, ошондой эле жаштар арасында дагы элитаны тазалоо керек. “Жаштар арасында дагы Максим Бакиев курдуу, жаш бирок, ниети бузуктар бар”,- деди ал.

Мамлекет башчысы Конституцияны өзгөрткөндөн соң өлкө бийлиги бир адамдын колунда болбой турганын белгиледи. Аткаруучу бийлик өкмөттүн колунда болот.

“Ооба, башында мен жетекчилерди алмаштырдым. Жаш жана таза адистер келишти. Азырынча, улуу муундагылар да бар, бирок алар керек. Себеби, жан дүйнөсү жаш жана тазалар бар. Жаштык дайыма эле ички дүйнөнүн тазалыгын билдире бербейт. Койлорду канга чөктүрүү керек деген Максим Бакиев өңдүүлөр да кездешет”. – деп кошумчалады Атамбаев.

Мамлекет башчы көптөр өлкөнүн тышкы саясатын сындап жатышканын айтты.

“Президент катары менин алдымда коңшу мамлекеттер менен жакшы мамиле түзүү милдети турган. Ошол эле улуу Кытай жана улуу Россия, боордош Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан менен”, - деп белгиледи Атамбаев.

Пикир

Оставить комментарий