• 87.7
  • 95.02
  • 0.97

Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курамасы Дубайда окуу-машыгуу жыйын өткөрөт

Спорт 0

Бишкек, 24.08.23./Кабар/. Кыргызстандын улуттук курама командасы Дубайда окуу-машыгуу жыйын өткөрөт. Бул тууралуу Кыргыз футболдук союзунан билдиришти.

Жыйындар 29-августтан 13-сентябрга чейин уланмакчы, ал үчүн Штефан Тарковичтин командасынын тизмесине 26 оюнчу кирди.

Жыйындын алкагында "ак шумкарлар" эки жолдоштук беттеш өткөрөт.

• 7-сентябрда «Аль-Наср» (ОАЭ) командасы менен;
• 11-сентябрда Кувейт улуттук курама командасы менен.

Кыргыз футбол союзунан кошумчалашкандай, жолдоштук оюндардын трансляциясы тууралуу кийинчерээк маалымдалат.

Пикир

Оставить комментарий