• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Кыргызстандын түштүгүндө бир нече ирет жер титиреди

Коом 0

Бишкек, 11.04.24. /Кабар/. 10-апрелде Кыргызстанда үч ирет жер силкинди, кыргыз-тажик чек арасына жакын жерде дагы бир жер титирөө катталды.

КР Сейсмология институтунан маалымдашкандай, биринчи жер титирөө саат 08:36да катталып, анын күчү очогунда 3 баллга жакын болгон. Табигый кырсык Кыргызстандын аймагында, тактап айтканда Тоскоол айылынан түндүк-батышка карай 8 чакырым, Майлуу-Суу шаарынан чыгышка карай 18 чакырым, Жалал-Абад шаарынан түндүк-батышка карай 43 чакырым аралыкта жайгашкан. Калктуу пунктарда жер титирөөнүн күчү 2 баллга жакын сезилген.

Ошондой эле 09:15те Тажикстандын аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн очогу Баткен шаарынан түштүккө карай 110 чакырым аралыкта жайгашкан, кырсык калкттуу пункттарга сезилген эмес.

Андан кийин Кыргызстанда очогунда күчү 3 баллга жеткен дагы эки жер титирөө катталган.

15:04төгү жер титирөө Ак-Таш айылынан түндүккө карай 17 чакырым, Каныш-Кыя айылынан түндүк-батышка карай 22 чакырым, Терек-Сай айылынан түндүк-батышка карай 42 чакырым, Баткен шаарынан түндүккө карай 192 чакырым аралыкта болуп, калктуу пункттарга жер титирөө сезилген эмес.

Ал эми 16:01деги табият кырсыгы Арал айылынан түндүк-чыгышка карай 5 чакырым, Теш айылынан түндүк-чыгышка карай 9 чакырым, Сузак айылынан түндүк-батышка карай 12 чакырым, Жалал-Абад шаарынан түштүк-батышка карай 20 чакырым жана Андижан шаарынан түндүк-чыгышка карай 38 чакырым аралыкта жайгашкан.

Арал жана Теш айылдарында жер титирөө 2 баллга чейин сезилген.

Пикир

Оставить комментарий