• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Кырсыктын алдын алуу. Бишкекте жарамазан айткандарга жана кайырчыларга карата рейд өтөт

Коом 0

Бишкек, 28.03.23. /Кабар/. Бишкекте чоң көчөлөргө чыгып алып жарамазан айткандарга жана кайырчыларга карата "Кайырчы" рейди өтөт. Анын максаты жолдогу жол кырсыктарын алдын алуу.

Милициянын кайгуул кызматы билдиргендей, акыркы учурда жолдогу кайыр сураган жарандардын катышуусунда жол кырсыктары орун алууда.

"Кайырчы" рейдинин жүрүшүндө өзгөчө жолдун кыймылдуу бөлүгүндө кайыр сурагандарга, жарамазан айтып унаалардын кыймылына тоскоолдук жараткандарга көңүл бурулат.

Кайгуул кызматы автоунаалардын кыймылына тоскоолдук жараткандарга карата КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 190-беренесине ылайык 1 миң сом өлчөмүндө айып салынарын эскертет.

Пикир

Оставить комментарий