• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ленин округунан кайра шайлоо. Райондук штабдын жыйыны өттү

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 09.08.23. /Кабар/. Ленин районунда Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо боюнча штабдын жыйыны өттү. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жыйында аким Жыргалбек Шакиевдин төрагалыгы астында өтүп, анда кайра шайлоону даярдоо жана өткөрүү материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу, уюштуруу маселелерин чечүү сыяктуу маселелер каралды.

Ошондой эле райондук шайлоо участкаларын материалдык-техникалык жактан камсыз кылуу, ар бир шайлоо участкасында санитардык-эпидемиологиялык талаптардын сакталышы жана башка маселелер талкууланды.

Штабдын жыйынтыгы менен шаардык жана райондук кызматтарга УШКларды материалдык-техникалык жактан камсыздоо процессин тездетүү, ошондой эле шайлоого кийлигишүүгө жол бербөө боюнча кызматкерлер арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.

Белгилей кетсек, Ленин бир мандаттуу шайлоо округунан ЖК депутатын кайра шайлоо 2023-жылдын 10-сентябрында өтөт.

Пикир

Оставить комментарий