• 88.68
  • 95
  • 0.95

Өлкөдө СПИДди жуктургандардын саны жылына болжол менен 10% өсүүдө

Ден соолук 0

Бишкек, 19-июль /Кабар/. Кыргызстанда жылына ВИЧ инфекциясын жуктургандардын саны болжол менен 10% өсүп жатканын Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

2017-жылдын 1-июнуна карата 7 миң 427 ВИЧке чалдыккандар катталган. Алардын 7 миң 38и кыргызстандын жарандары, 595и балдар, СПИД менен ооругандар - 902.

ВИЧтин тарашы өзгөчө баңги заттарын колдонгондордун жана абактагылардын арасында байкалат.

“ВИЧти жыныстык жолу менен жуктурган учурлардын саны өсүп, 2011-жылы 31% , 2016-жылы 51%га чейин жеткен. Өзгөчө аталган ооруну аялдар жуктурган учурлар басымдуулук кылат “,- деп жазылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий