• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Өмүрбекова ювеналдык юстиция боюнча кеңештин жыйынын өткөрдү

Өкмөт 0

Бишкек, 12.03.19. /Кабар/. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова Кыргыз Республикасынын Ювеналдык юстиция боюнча ведомстволор аралык координациялык кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө 2019-2020-жылдарга карата Коммуникациялык стратегия жана медиапланды жана жашы жете электерге карата зомбулуктун жана балдар кылмыштуулугунунун алдын алуу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ортосундагы өз ара аракеттешүү механизмдерин өркүндөтүү боюнча тегерек үстөлдүн резолюциясынын долбоору каралды.

Балдарга карата зордук-зомбулуктун жана катуу мамиленин алдын алуу боюнча 2019-2020-жылдарга карата Коммуникациялык стратегия жана медиаплан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «2018-2028-жылдарга карата үй-бүлө жана балдарды коргоо» Программасын аткарууга багытталган.

Стратегия ар түрдүү тарбия ыкмаларынын пайдасы жана зыяны, туура ата-энелик ролдук моделдердин болушу тууралуу тийиштүү маалымат менен камсыздоого, коомдун күтүүлөрүн кеңири чагылдырууга (тарбиялоонун зомбулуксуз ыкмаларын өбөлгөлөө жана күчкө салып тарбиялоону айыптоо), ата-энелердин жүрүм-турумун өзгөртүү процессиндеги жетишкендиктерди белгилеген иш-чараларды өткөрүүгө багытталган.

Вице-премьер-министр белгилегендей, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бүгүнкү күнү коомдо актуалдуу катары таанылган көрсөтүлгөн маселелерге өзгөчө көңүл бурат.

«Коомдо балдарды күч колдонуп тарбиялоо ыкмалары жайылган. Зомбулук ачык көрүнүп турса да, үй-бүлөнүн ишине киришпөө белгилери байкалат. Адамдар балдарды зордук-зомбулук менен тарбиялоого чыдап мамиле кылбоого тийиш. Мындай жүрүм-турум түрү жалпы коомдо калыптанышы керек. Бул үчүн бардык ресурстар жана колдо болгон аянтчалар тартылышы кажет», – деп баса белгиледи ал.

Ошону менен бирге жыйында жашы жете электерге карата зордук-зомбулуктун жана балдар кылмыштуулугунунун алдын алуу маселелери боюнча мамлекеттик органдардын ортосундагы өз ара аракеттешүү механизмдерин өркүндөтүү боюнча тегерек үстөлдүн резолюциясынын долбоору каралды.

Резолюциянын долбоорунда жашы жете электерге карата зомбулуктун жана балдар кылмыштуулугунун алдын алуу боюнча иштин ыкмаларын жана формаларын өркүндөтүүгө өзгөчө көңүл бурулган. Ошол эле учурда аталган багыттагы кабыл алынган чаралардын толуктугу жана жетиштүүлүгү, ошондой эле балдарды социалдык жактан адаптациялоо жана реабилитациялоо маселесине басым жасалган.

Мындан тышкары, Алтынай Өмүрбекова Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги тарабынан үстүбүздөгү жылдын 1-майына чейин кыйын жашоо кырдаалындагы балдардын бирдиктүү маалыматтар базасы иштелип чыгышы тийиш экендигин маалымдады.

Маалыматтар базасы онлайн режимде иш алып барып, ага тийиштүү мамлекеттик органдар кошулат, натыйжада, бул мамлекеттик органдардын өз ара аракеттешүүсүнүн натыйжалуулугуна алып келет.

Координациялык кеңештин 2019-жылдын июль айында өтүүчү келерки жыйынында жашы жете электер арасындагы укук бузуулар боюнча биринчи жарым жылдыктын жыйынтыгы чыгарылат. Буга байланыштуу алардын кылмышка баруусунун себептери жана шарттары тууралуу иликтөө жүргүзүү тапшырмасы берилди, анын жыйынтыктары да жыйында каралмакчы.

«Жалаң гана кургак статистика менен чектелүүнүн кажети жок. Кыйын кырдаалда калган балдар менен иш алып барууда, укук бузуулардын алдын алууда кайсы мамлекеттик орган кандай кемчиликтерди кетирип жаткандыгы боюнча тыкыр талдоо жүргүзүлүшү кажет. Балдар – биздин келечегибиз. Алар үй-бүлөсүнүн жана ата-энесинин кароосуз калган учурда мамлекет бардык камкордукту өзүнө алып, алардын ар тараптуу өнүгүшү үчүн бардык шарттарды түзүүсү кажет», – деп жыйынтыктады вице-премьер-министр.

Пикир

Оставить комментарий