• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Мамкурулуш 2020-жылы 626 лицензия тариздеди

Коом 0

Бишкек, 12.01.20. /Кабар/. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги 2020-жылы мамлекеттин аймагында курулуш иштерин жүргүзүүгө 626 лицензия тариздеген.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, Бишкек шаарында - 359, Чүй облусу - 43, Талас - 10, Ысык-Көл -18, Ош – 146, Баткен 8, Жалал-Абад – 35 жана Нарын облусунда – 7 лицензия берилген.

“Жалпысы, Кыргызстандын юридикалык жактарына - 619 жана 7 жеке ишкерлерге лицензиясы берилген. Биринчи жолу 450 уюм лицензиясын алышкан, калган уюмдар аткарылып жаткан иштердин жоопкерчилигинин деңгээлин жогорулатууга жана иштин кошумча түрлөрүн киргизүүгө байланыштуу лицензияларын кайра тариздешкен”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий