• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Мамкурулуштун мурдагы башчысы "Кыргызалтындын" директорлор кеңешинин мүчөсү болду

Коом 0

Бишкек, 05.04.23. /Кабар/. "Кыргызалтын" ААКсынын акционерлеринин чечими менен Нуртазин Жетыбаев директорлор кеңешинин мүчөсү болду. Мындай чечим 4-апрелде өткөн акционерлердин жылдык жыйынында кабыл алынган.

Нуртазин Жетыбаев 1966-жылы 10-октябрда Кара-Балта шаарында туулган. 1991-жылы Фрунзе политехникалык институтун "инженер-куруучу" адистиги боюнча аяктаган.

Белгилей кетсек, Нуртазин Жетыбаев 2022-жылдын июнунан тартып, 2023-жылдын январына чейин министрлер кабинетинин алдындагы Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору кызматын аркалаган.

Пикир

Оставить комментарий