• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Мамкурулуш агенттигинин башчысы Ош облусуна иш сапары менен барды

Аймак 0

Бишкек, 27.01.24. /Кабар/. Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нурдан Орунтаев Ош облусуна иш сапары менен барды.

Ведомстводон билдиришкендей, иш сапардын алкагында Нурдан Орунтаев Ош шаарында жайгашкан Архитектура, экспертиза, долбоорлоо институту, курулушту көзөмөлдөө жана капиталдык курулуш башкармалыктарын бир даректе жайгаштырууну жана кайрылган жарандарга ыңгайлуу шарттарды түзүүнү тапшырды.

Аны менен бирге, кызматкерлердин иш ордуларын көрүп жумуштун алгылыктуу жүрүшү үчүн бардык шарттарды жакшыртып, муктаж болгон жабдуулар менен камсыз кылуу талабын койду.

Мындан тышкары, Нурдан Орунтаев Ош облусундагы район, шаарлардын архитектура кызматынын башчылары менен жыйын өткөрүп, курулуш тармагындагы кемчилдиктерди жоюуну, элдин суроо талабын кечиктирбестен кароону жана башка бир катар тапшырмаларды берди.

Пикир

Оставить комментарий