• 88.68
  • 95
  • 0.95

Маморгандардын жетекчилери Тогуз-Торо жана Ак-Талаа райондорунун тургундары менен жолукту

Өкмөт 0

Бишкек, 13.09.22. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Адылбек Касымалиев, башкы прокурор Курманкул Зулушев жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү эл менен жолугушуусун улантууда.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, бүгүн Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунун жана Нарын облусунун Ак-Талаа районунун тургундары менен жолугушуулар болуп өттү.

Жолугушууларга 500гө жакын тургундар катышып, анда инфраструктураны жакшыртуу, ичүүчү таза суу менен камсыздоо, жер тилкелерин бөлүп берүү, ошондой эле укуктук жааттагы бир катар маселелер көтөрүлдү.

Эске салсак, өлкөнүн аймактарында эл менен жолугушуулар президенттин тапшырмасы боюнча калкка актуалдуу маселелерди чечүүдө даректүү жардам көрсөтүү максатында өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий