• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Марипов Финансылык чалгындоо кызматынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Өкмөт 0

Бишкек, 08.09.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирет.

Төмөндө куттуктоонун тексти:

«Урматтуу Финансылык чалгындоо мамлекеттик кызматынын кызматкерлери,

КР министрлер кабинетинин жана жеке өзүмдүн атымдан Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органынын кызматкеринин күнү менен чын дилимден куттуктайм.

Сиздер оор жана жоопкерчиликтүү кызматты аткарып террордук ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) каршы аракеттенүүгө, ошондой эле өлкөнүн финансылык системасынын бүтүндүгүн кылмыштуу кол салуулардан коргоого олуттуу салым кошуп жатасыздар.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын финансылык чалгындоо органы өзүнүн милдеттерин ийгиликтүү ишке ашырууда.

Финансылык чалгындоо органынын кызматкерлеринин ишке болгон жоопкерчиликтүү мамилеси коркунучтарды азайтууга жана Кыргыз Республикасынын финансылык коопсуздугун камсыз кылууга мындан ары да өбөлгө түзөөрүнө ишенем.

Финансылык чалгындоо органынын кызматкерлерине кесипкөйлүгү жана ак ниет аткарган кызматы үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем.

Сиздерге жана жакындарыңыздарга бекем ден соолук, бакубат жашоо жана ийгиликтерди каалайм».

Пикир

Оставить комментарий