• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Мексика АКШ менен чек арасына 15 миң аскер жөнөтөт

Дүйнө 0

Бишкек, 25.06.19. /Кабар/. Мексика өкмөтү борбор америкалык мамлекеттерден агылган мыйзамсыз миграциянын агымын токтотуу максатында Кошмо Штаттар менен чек арасына кошумча 15 миң аскер жөнөтөрүн маалымдады.

Мунун алдында расмий Вашингтон эгер чукул чара көрүлбөсө мексикалык товарларга кошумча нарк салыгын киргизе турганын эскерткен.

Мехико мыйзамсыз миграцияны токтотуш үчүн БУУ менен АКШдан да көмөк сурады. Ушул айдын башында Мексика түштүк чек арасына кошумча алты миң аскерин жайгаштырган болчу.

Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп мыйзамсыз мигранттар өлкөдөн чыгарыла баштарын маалымдаган.

Пикир

Оставить комментарий