• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Тегерандагы учак кырсыгы: Украинада 9-январь аза күтүү күнү деп жарыяланды

Дүйнө 0

Бишкек, 09.12.20. /Кабар/. Кечээ Ирандын Тегеран шаарында украиналык учактын кыйрашына байланыштуу Украинада 9-январь күнү аза күтүү күнү деп жарыяланды. Бул тууралуу Украинанын президенти Владимир Зеленскийдин басма сөз кызматы Facebook социалдык тармагындагы баракчасында кабарлады, деп жазат РИА Новости.

Бүгүн желектер түшүрүлүп, көңүл ачуучу иш-чаралар токтотулат.

Эскерте кетсек, кечээ эртең менен Тегеран шаарынын Имам Хомейни атындагы эл аралык аэропортунда украиналык учак кулаган. Маалыматтарга ылайык, учактын ичинде 167 жүргүнчү жана экипаждын тогуз мүчөсү болгон. Reuters агенттиги жазгандай, кырсыктан эч ким аман калган эмес.

Пикир

Оставить комментарий