• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Жолдордогу чуңкурларды оңдоо баасына жараша болууда - Мэр А.Ибраимов

Коом 0

Бишкек, 26-апрель /Салтанат Абдраева-Кабар/. Шаардагы чуңкурларды оңдоого байланыштуу көп сын-пикирлер айтылууда, бирок сапаты баасына жараша болууда. Бул тууралуу бүгүн Өкмөттүн жумушчу кеңешмесинде Бишкек мэри Албек Ибраимов билдирди.

Анын айтымында, чуңкурларды оңдоонун сапатына байланыштуу “Бишкекасфальтсервистин” дарегине көп сындар айтылууда. “Бирок, көйгөй биздин Мамлекеттик сатып алуулар тууралуу мыйзамдан чыга албай турганыбызда болуп жатат, ал эми тендерде оңдоо үчүн эң арзан бааны сунуштаган компания утат. Аткарылган иштердин сапаты дагы баасына жараша болуп жатат. Жакшы технологиясы жана асфальты бар компаниялар көп акча сурашат, ага ылайык алар тендерде утуп чыга албай калышууда”,-деди А.Ибраимов.

Шаар башчысы тендер учурунда асфальт канча жылга чыдай турганын жана ишти аткарууга сунуштап жаткан бааны эске алгандай кылууга болобу деп кызыкты.

Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков Транспорт жана жолдор министрлигине ушул маселени көзөмөлгө алууну тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий