• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Милиция ардагерлери баткендиктерге жардам катары дээрлик жарым млн сом чогултушту

Коом 0

Бишкек, 16.06.21. /Кабар/. Милициянын ардагерлери чек арадан жабыркаган Баткен облусунун жашоочуларына жардам катары акча чогултушту. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев маалымдагандай, ага милициянын ардагерлери Баткен элине жардам катары беш жүз сомдон, миң сомдон өздөрү алып келе башташкан. Ошондой эле аймактардагы ардагерлер дагы каражат чогултушкан.

Алсак, милиция ардагерлери Чүй облусунда - 100 миң сом, Талас облусунда - 55 миң сом, Жалал-Абад облусунда - 85 миң сом, Нарын облусунда - 35 миң сом, кылмыш иликтөөнүн ардагерлери - 40 миң сом чогултушкан. Андан сырткары, Союз убагында иштеген Карантиндик кызматтын ардагерлери 10 миң сом чогултуп беришкен.

Султан Жоошбаев милициянын ардагерлери жалпысынан 486 миң сом акча каражатын чогулткандыгын билдирди.

“Топтолгон каражаттар атайын эсепке салынды. Андан соң Баткен ШИИБдин эсебине которулат. Бул акча каражаттар чыр-чатактын жүрүшүндө талкаланган жана тонолгон милициянын айылдык бөлүмчөсүнө жабдыктарды жана эмеректерди алууга жумшалат”,-деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, 28-апрелде Баткен районунун Көк-Таш айылындагы суу бөлүштүрүүчү жайга Тажикстандын жарандары видеокөзөмөл орното баштаган. Ага кыргызстандыктар каршы чыгышкан, көп өтпөй эки элдин жарандары бири-бирине таш ыргытуудан абал курчуп кеткен.

Акыркы маалыматтарга караганда, кыргыз-тажик чек арасындагы чырдан жалпы 189 кыргызстандык жабыркап, алардын 36сы набыт болгон. Мындан тышкары, облус боюнча 220 объект талкаланган, анын ичинен 136 турак үй, 84ү соцобъект.

Пикир

Оставить комментарий