• 88.68
  • 95
  • 0.95

Милиция жөө адамды сүзүп, качып кеткен шектүүнү кармады

Кырсык 0

Бишкек, 06.07.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү жөө адамды сүзүп, качып кеткен шектүү жаранды кармады. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 2021-жылдын 30-июлунда болжол менен саат 22:20 чамасында белгисиз айдоочу авто унаа менен Курманжан Датка көчөсүнөн түштүк тарапка бара жатып, Ереванский көчөсүнүн кесилишинен 2001-жылы туулган Н.С аттуу жаранды сүзүп, окуя болгон жерден качып кеткен. Натыйжада жөө жүргүнчү жабыркап, оор абалда ооруканага жеткирилген.

Бул факты боюнча милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, “коопсуз шаар” долбоорунун алкагында орнотулган видео көзөмөлдөрдүн жардамы менен 2021-жылдын 5-июлунда кылмышка шектүү катары “Ваз-21150” үлгүсүндөгү авто унаанын 1981-жылы туулган Ф.Р. аттуу айдоочусун аныктап, Бишкек шаардык милициясынын Тергөө кызматына өткөрүп беришкен.

Ал эми шектүүнүн авто унаасы убактылуу токтотуучу айып короо жайына киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий