• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Министрдин орун басары жарандарды санитардык эрежелерди сактабаган адамдарга эскертүү берүүгө чакырды

COVID - 19 0

Бишкек, 28.09.20. /Кабар/. Бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев жарандарды беткап тагынбай, санитардык эрежелерди сактабаган адамдарга эскертүү берүүгө чакырды.

Анын айтымында, жарандардын баары санитардык эрежелерди сактаганда коронавирусту ооздуктоого болот.

"Биз бири-бирибизге эскертүү берип турууга кез келди: көчөдө беткап тагынбаган, социалдык аралыкты сактабаган адамдарды көргөндө эмнеге эрежени сактабай жатат деп эскертүү керек", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий