• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Министрдин орун басарын тосуп алууга акча чогултуу болгон жок жана болбойт – Саламаттыкты сактоо министрлиги

Коом 0

Бишкек, 28.01.19. /Кабар/. Бүгүн Facebook социалдык тармагындагы тайпалардын биринде Ысык-Көл облусунда Саламаттыкты сактоо министринин орун басарынын келишине карата акча чогултулуп жатат деген билдирүү калтырылган.

"Ысык-Көл облусунда 31-январда облустук медициналык кеңеш өтөт. Саламаттыкты сактоо министринин орун басары өзү келет. Бизге ар бир медициналык мекеме 2,5 миң сомдон чогулткула деп айтышты. Бул министрдин орун басарынын мейманкана жана кафесин төлөөгө жумшалат экен. Бул чектен ашкандык", - деп айтылат билдирүүдө.

"Кабар" агенттигине аталган министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, мындай жолугушуулар жылда өтүп турат.

"Жолугушууда ар кыл маселелер талкууланат - кандай мүчүлүштүктөр бар, аткарылган иштин жыйынтыгы жана келечектеги пландар. Ал үчүн эч кандай акча чогултуу болбойт. Кызматкерлерге барып-келген чыгымдары төлөнөт. Акча жетпей калганда министрдин орун басары акчаны өзү төлөгөн учурлар болгон", - дейт мекеменин басма сөз кызматы.

Ошондой эле алар акча чогултуу тууралуу маалымат калп экенин белгилешти.

"Эч ким акча чогултуу боюнча тапшырма берген эмес. Мындай болгон эмес жана болбойт", - деп билдирет министрликтин басма сөз кызматы.

Пикир

Оставить комментарий