• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Мурдагы сот Жаркееванын иши: Жактоочу камактагы мүлк боюнча өтүнүч келтирди

Укук тартиби 0

Бишкек, 16.06.20 /Кабар/. Бүгүн, 16-июнь күнү Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Свердлов райондук сотунун мурдагы соту Элвира Жаркееванын иши боюнча отурум өтүүдө.

Соттук отурумда жактоочу Ысык-Көлдөгү камакта болгон мүлк боюнча өтүнүч келтирип, аны камактан алып салууну өтүндү.

“Соттун алкагында Ысык-Көлдөгү мүлк камакка алынган. Ал токтом мыйзамдуу эмес. Ал камакты алып салууну өтүнөм”, - деди ал.

Анын айтымында, ал мүлктүн бул процесске тиешеси жок.

“Бул маселе мурда каралган. Өтүнүчтү четке кагууну суранам”, - деди прокурор.

Сот тараптарды угуп, өтүнүчтү канааттандырган жок.

Эскерте кетсек, Жаркеевага Кылмыш кодексинин 304 жана 328-беренелери боюнча айып тагылууда.

Пикир

Оставить комментарий