• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин курамында кадрдык өзгөрүүлөр болду

Президент 0

Бишкек, 12.02.20. /Кабар/. Бишкекте президент Сооронбай Жээнбековдун төрагалыгы астында туруктуу өнүгүү боюнча Улуттук комитетине караштуу Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин экинчи жыйыны өтүп жатат.

Жыйыдын башында мамлекет башчысы Өнөр жайды жана ишкердикти өнүктүрүү боюнча комитеттин курамында кадрдык өзгөрүүлөр болгондугун маалымдады.

Алсак, президенттин Жарлыгына ылайык, вице-премьер-министр Эркин Асрандиев комитеттин төрагасынын орун басары болуп бекитилди, мурун бул орунда Кубатбек Боронов эле. Бизнес-Акыйкатчы институтунун түзүлгөндүгүнө байланыштуу, Робин Орд-Смит комитеттин мүчөлүгүн толуктады. Ал эми Сергей Пономарев Бизнес-акыйкатчынын орун басары болуп шайланганына байланыштуу комитеттин курамынан чыгарылды.

ЖИА бизнес-ассоциациясынын башкаруу кеңешинин өзгөрүүлөрүнө байланыштуу Темир Ажыкуловдун ордуна Фархад Пакыров бекиди.

Өлкө башчысы бүгүнкү жыйындын күн тартибинде үч маселе карала тургандыгын айтты.

Биринчи - Инвестицияларды коргоо жана ишкердиктин субъектилеринин укугун камсыздоонун абалы жөнүндө. Экинчи маселе – Экономикалык кылмыштарды декриминалдаштыруунун укуктук аспектилери жөнүндө. Үчүнчү маселе – Ишкердикти коргоо тууралуу мыйзамдарын укук коргоо органдары тарабынан аткарылышы жөнүндө.

Иш-чарага мамлекеттик органдардын жетекчилери жана өлкөнүн бизнес-коомдун өкүлдөрү катышууда. Комитеттин жыйынынын жыйынтыгында ишкердикти жүргүзүүнүн шарттарын жакшыртууга жана өлкөнүн инвестициялык дараметин жогорулатууга багытталган чечимдердин кабыл алынат.

Пикир

Оставить комментарий