• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нарын облусунун башчысы медиктерди кесиптик майрамы менен куттуктады

Аймак 0

Бишкек, 03.07.20. /Кабар/. Бүгүн, 3-июлда өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов Нарын облусундагы саламаттыкты сактоо кызматкерлерин кесиптик майрамы менен аралыктан куттуктап, каалоо-тилегин, сыйлыктарын жолдоду.

Өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан кабарлашкандай, эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу он-лайн тартибинде өткөрүлгөн жыйында облус жетекчиси дарыгерлердин коомдогу бийик ролун баса белгиледи. Алардын коронавирус пандемиясына каршы күрөшүүдөгү кесипкөйлүгүн, мекенчилдигин жана бийик жоопкерчилигин жогору баалап, дарыгерлердин эмгегин согуштагы жоокерлердин эрдигине салыштырды. Сыймыктуу жана ардактуу кесипти аркалап жаткан өмүр сакчыларына ден соолук, аманчылык, күч-кубат, үй-бүлөсүнө жакшылыктарды каалап, эл башына келген илдет кыйынчылыгын биримдик менен жеңип чыгууга ишеними зор экенин билдирди.

Саламаттыкты сактоо кызматкерлеринин кесиптик майрамына карата эмгек алдыңкыларына ыйгарым укуктуу өкүлдүн Ардак грамоталары берилди.

Ошондой эле ыйгарым укуктуу өкүлдүн резервдик фондунан 95 миң сом акча каражаты бөлүнүп, Нарын облустук бириктирилген ооруканасына 15 миң сом, аймактык ооруканаларга, үй-бүлөлүк дарыгерлер жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлоруна 5 миң сомдон майрамдык сыйлыктар ыйгарылды.

Белгилей кетсек, учурда Нарын облусунда 366 дарыгер, 1 миң 501 орто медициналык кызматкер жана 561 кенже медициналык кызматкерлер эмгектенүүдө.

Пикир

Оставить комментарий