• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Нарын шаарынын тургундарынын 97 пайызы таза суу менен камсыз болушкан

Президент 0

Бишкек, 21.08.19. /Кабар/. Нарын шаарынын тургундарынын 97 пайызы таза суу менен камсыз болушту, 40 пайызы канализация системасын пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Бул тууралуу бүгүн, 21-августта Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековду Нарын шаарын таза суу менен камсыздоо жана канализация системасын калыбына келтирүү боюнча долбоорду ишке ашыруунун жүрүшү менен тааныштыруу учурунда маалым болду.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Суу ресурстары мамлекеттик агенттигинин директору Көкүмбек Таштаналиев жана Суу ресурстары мамлекеттик агенттигине караштуу Ичүүчү суу менен камсыздоону жана суу бөлүштүрүүнү өнүктүрүү департаментинин директору Аскарбек Токтошев Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкынын (ЕРӨБ) колдоосу менен ишке ашырылып жаткан долбоор Нарын шаарынын ичүүчү суу менен камсыздоо системасын модернизациялоого жана агып чыкма сууларды башкарууну өркүндөтүүгө багытталганын билдиришти.

Бул максаттарга ЕРӨБ тарабынан жалпысынан 6,2 млн евро кралган. Бул долбоордун алкагындагы курулуш иштери 2018-жылдын июнь айында башталган жана 2019-жылдын аягына чейин аяктоо болжолдонууда.

Алар Нарын облусунун ичүүчү суу менен камсыздоо системасын модернизациялоо боюнча башка долбоорлор Швейцария Конфедерациясынын колдоосу менен ишке ашырылып жатканын кошумчалашты.

Мамлекет башчысы өлкө калкынын турмушуна тикелей тийешеси бар ушул сыяктуу социалдык долбоорлорду ишке ашырууга көмөк көрсөтүп жатышкан өнүктүрүү боюнча эл аралык өнөктөштөргө ыраазылык билдирди.

Ал региондордун жашоочуларын таза суу менен камсыздоо маселеси анын өзгөчө жеке көзөмөлүндө турганын жана президенттик ишмердигинин эң башкы артыкчылыктарынын бири экенин эске салды.

Президент Сооронбай Жээнбеков ошондой эле Нарын шаарынын суу чарба башкармалыгынын жаңы имаратын көрүп чыкты.

Пикир

Оставить комментарий