• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нарында мектептерде зордук-зомбулукка каршы талкуулар өтүп, сынактар уюштурулду

Аймак 0

Бишкек, 14.03.22. /Кабар/. Нарын шаарындагы жалпы орто мектептердин жогорку класстарынын окуучуларынын активдүү катышуусунда зордук-зомбулукка каршы күрөшүү максатында талкуулар өттү. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, тарбиялык иш-чараларга Нарын шаарынын вице-мэри Назира Жумакадырова, Нарын шаарынын прокурору Манас Акматалиев, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кубан Мамбетов, ички иштер органдарынан өкүлдөр катышып, өспүрүмдөрдүн зомбулук жана кылмыштуулук боюнча маалымдуулугун арттыруу жана андан сактануу максатын көздөдү.

Окуучулар бул тамены сүрөт, видеолордо, театр форумда чагылдырышып, ачык сабактарда талкуулашып, кеңештерди угушту.

Активдүү катышкан окуучуларга ардак грамоталар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий