• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

NASA инженери спутник учурууну көздөгөн кыргызстандык кыздар тууралуу – дүйнөгө өрнөк боло алышат

Коом 0

Бишкек, 10.07.19. /Кабар/. Бишкекке АКШнын аэронавтика жана космос мейкиндигин изилдөө улуттук башкармалыгынын (NASA) инженери Камилл Уордроп Аллейн келген.

"Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында NASA инженери өзү жана космоско жандоочту (спутник) учурууну көздөгөн кыргызстандык кыздар тууралуу айтып берди.

Анын келиши "Апполон-11" миссиясынын 50-жылдыгынын белгилениши менен байланышкан.

"Мен 25 жылдык эмгек жолумду жандоочторду курууга, учуучу аппараттардын дизайнына жумшадым. Бир нече илимий даража алдым. Мен коммерциялык директордун орун басары болом. Адамды Айга жеткирүү боюнча иштеп жатабыз. Айдын кыртышын изилдөө боюнча жеке компания жана башка уюмдар менен кызматташабыз. Максатыбыз - 2024-жылга карата кайрадан адамды Айга жеткирүү", - деди ал.

Доктор Аллейн, жандооч түзүү жана иштеп чыгуу боюнча алектенип жаткан кыргызстандык кыздар тууралуу айта кетти.

"Жандоочту түзүү жана учуруу кыйынга турат. Дүйнөдө алгач ирет кыздардын кичинекей тобу чакан спутникти учурууга кам көрүүдө. Топ бир гана кыздардан турган учур биринчи жолу болууда". - деди ал.

АКШ элчилигинин жардамы менен доктор Аллейн ал кыздарга быйыл март-июнь айларында 4 виртуалдык семинар өткөргөн. Сабак учурунда алар инженердик иш жана жандооч куруу, ага кошо маалыматтарды алуу жана берүү боюнча теоретикалык билим алышкан.

"Жандооч куруп жаткан кыргызстандык кыздар дүйнөдөгү башка кыздар үчүн өзүңдүн аракетиң менен бийиктиктерге жетүүгө болот деген үлгү, - деди ал.

Кыргыз космостук программанын жетекчиси Кызжибек Батырканова NASA инженери менен болгон сабак учурунда алар көп жаңы нерсе биле алышканын айтты.

"Биздин топто 18-25 жаштагы сегиз кыз бар. Көптөрү окуу жайларда билим алышат. Мектепти быйыл аяктаган эки окуучу бар", - деди ал.

Батырканова билдиргендей, жандоочту ушул жылдын аягына чейин учурууну көздөп жатышкан. Бирок ал көп убакытты талап кылат экен.

"Башында ушул жылдын аягына чейин жандоочту учурууну пландап жатканбыз. Чынында бул процесс көп убакытты алат экен. Рынокту изилдеп жатабыз. Эки жыл аралыгында ишке ашырууну көздөп жатабыз", - деди ал.

Алдыда Камил Уордроп Аллейн Билим берүү жана илим министрлигинин, Илимдер Академиясынын изилдөөчүлөрү, жаштар ж.б. жолугушат.

Пикир

Оставить комментарий