• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Назарбаев казак тилинин алфавитин латынчага которуу боюнча жарлыкка кол койду

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 27.10.17 /Кабар/. Казакстан президенти Нурсултан Назарбаев латин графикасына негизделген казак тилинин арибин бекитти. Тиешелүү жарлык президент администрациясынын сайтында жайгаштырылды.

Жарлыктын тиркемесинде 32 тамгадан турган латин арибинин варианты жарыяланды.

Казак президенти кол койгон документте өкмөткө казак тилинин арибин латын графикасына которуу боюнча Улуттук комиссия түзүү тапшырмасы берилген. Кирилл арибинен латынчага өтүү жараяны 2025-жылга чейин уланат.

Назарбаев январда 2017-жылдын аягына чейин латын арибинин негизинде казак тилинин алфавитин түзүү тапшырмасы берген.

2025-жылга чейин өлкө мезгил-мезгили менен басылып чыкчу жыйнактарды, документтерди жана көчө аттарын латын арибине которот. Казакстан 1929-1940-жылдар аралыгында латын тамгаларын пайдаланып келген. 1929-жылга чейин араб графикасы колдонулган.

Пикир

Оставить комментарий