• 88.2
  • 95.91
  • 0.97

Ноокатта 13 күндөн бери дайынсыз болгон өспүрүм изделүүдө

Кырсык 0

Бишкек, 21.12.23. /Кабар/. Ноокатта 13 күндөн бери дайынсыз болгон өспүрүм изделүүдө.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, үстүбүздөгү жылдын 8-декабрында Ош облусунун Ноокат районундагы Гулистан айылынын 15 жаштагы Р.Э. аттуу тургуну үйүнөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес. Аны акыркы жолу Жаңы-Ноокат айылынын Сапарбай каналынын жээгинен көрүшкөн.

Кечээ, 20-декабрда жерине издөө-иштерин улантуу максатында 4 куткаруучу тартылып, кеч киргендигине байланыштуу издөө токтотулган. Натыйжа болгон жок.

Издөө иштери бүгүн, 21-декабрда улантылат.

Пикир

Оставить комментарий