• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

‎Оорубайм десеңиз, билип алыңыз

Дүр дүйнө 0

* Организмди кальций менен толуктап, сөөктү бекемдегиңиз келеби? Ал үчүн бышкан жумуртканын кабыгын таштабастан аны кофе майдалагычка салып ун болгуча майдалап, тамакка ¼ чай кашык кошуп, күнүнө 2-3 жолудан колдонуш керек.

* Минералдык заттар нерв системасынын жана булчуң эттеринин иштешине, ошондой эле тиш, сөөктөрдүн өсүшүнө жана ашыкча салмактан арылууга көмөктөшөт.

* Стресстен арылуу үчүн магний көмөктөшөт. Ал нерв системасындагы стресс гармондорунун өөрчүшүн токтотот. Магний көбүнчө бананда, фасолдо болот.

* Чет элдик изилдөөчүлөр кальцийди көп пайдаланган адам тез арыктарын аныкташкан. Ал эми кальций сүттө, сырда, быштакта, йогуртта көп болот.

* Окумуштуулар дайыма стресс абалында жүргөндөр карыбайт деген бүтүмгө келишкен. Изилдөөлөр киши "туура" стрессте жүргөндө өзүн бекем кармап, организмде жашаруу процесси жүрөрүн көрсөттү. Туура стресске кабылуу бул мисалы, жумушка шашуу, ишти бүтүрө албай калуу коркунучу сыяктуу абал экен.

* Цинк иммунитет системасына өтө зарыл. Андан тышкары организмдеги зат алмашуу процессине чоң таасир берет. Бул минералдык зат - сулуда, уй этинде, жумуртканын сарысында көп кездешет.

Малыматтар Интернет булактарынан алынды

Пикир

Оставить комментарий