• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Ош базар тарапта жарыктын өчүрүлүшүнө чубалгынын бузулушу себеп болду

Коом 0

Бишкек, 13.10.17 /Кабар/. Ош базар тараптагы электр энергиясынын өчүрүлүшүнө №610 трансформатордук көмөкчордондон (ТКЧ) № 674 ТКЧга чейинки 6 кВ кабель чубалгысынын бузулушу себеп болгон. Кабель чубалгысын калыбына келтиргенге чейин керектөөчүлөрдүн негизги бөлүгү электр энергиянын башка булагына которулду. Учурда электр энергиясы № 674 ТКЧдан камсыздалган абоненттер чыңалуусуз калууда. Окуя болгон жерде “Түндүк электр” ААКнын борбордук кабелдерди оңдоо кызматынын адистери иштөөдө. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Эске салсак, 13-октябрда, саат 12:55те Бишкек шаарындагы Москва, Үмөталиев, Кулиев көчөлөрү жана Жаш Гвардия бульвары менен чектелген чарчыда электр энергия үзгүлтүккө учураган.

Пикир

Оставить комментарий