• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош облусунда Элдик курултайга делегаттар тандалууда

Аймак 0

Бишкек, 19.10.22. /Кабар/. Ош облусунда Элдик курултайга делегаттар тандалууда. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүгүлүгүнөн билдирет.

Маалыматка ылайык, Ош облусуна караган 88 айыл өкмөтү жана 3 райондук маанидеги шаарларда жыйындар өткөрүлүп, Элдик курултайга делегаттар тандалууда.

Ош облусунун тургундары Элдик курултайга делегаттарды шайлоого активдүү катышып жатышат. Делегаттарды тандоо жыйындары өткөрү жергиликтүү кеңештердин депутаттары тарабынан жүргүзүлүп, делегаттарды шайлоо жарандардын өз каалоосуна коюлган.

Белгилей кетсек, жобого ылайык элдик жыйындарды өткөрүү укугу жергиликтүү кеңештерге берилип, уюштуруу иштерине жергиликтүү бийлик көмөк көрсөтүүдө. 2022-жылдын 25-ноябрда өтөт турган Элдик курултайга Ош облусунан 179 делегат катышат.

Пикир

Оставить комментарий