• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Ош шаарын көрктөндөрүүгө жана тазалоого салым кошкондор сыйланды

Аймак 0

Бишкек, 30.08.18. /Кабар/. Ош шаарын жашылдандыруу, көрктөндүрүү жана тазалоо боюнча кайрадан конкурс жарыяланды. Бул тууралуу бүгүн, 30-августта Ош шаарынын мэри Таалайбек Сарыбашов жаз айларында жарыяланган көрктөндүрүү жана тазалоо боюнча үч айлыктын жыйынтыгы боюнча сыйлоо аземинде билдирди.

Сыйлоо аземинде эмгегин арнаган ишканалар, аймактык кеңештер, үлгүлүү көп кабаттуу үйлөр айтылып, сыйланды.

Жашылдандыруу, көрктөндүрүү, тазалоо, көп кабаттуу үйлөрдүн сырткы көрүнүштөрүн сырдоо боюнча иш аракеттер октябрдын аягына чейин уланып, жыйынтыгында эң мыктылар акчалай сыйлыктар менен сыйланмакчы.

Мэр Таалайбек Сарыбашов мындай кадамдар менен шаардын кооздугуна кам көрүп, инфраструктураны жакшыртууга кадам таштайбыз деп билдирди.

Белгилей кетсек, жазгы үч айлыктын жыйынтыгы төмөндөгү номинациялар боюнча чыгарылган:

- үлгүлүү аймактык кеңеш;

- үлгүлүү көп кабаттуу үй;

- үлгүлүү саламаттык сактоо мекемеси;

- үлгүлүү жалпы орто билим берүү мекемеси;

- үлгүлүү жогорку жана орто билим берүү мекемеси;

- үлгүлүү балдар бакчасы;

- үлгүлүү ишкана;

- үлгүлүү жеке коомдук тамактануу жайы;

- үлгүлүү жеке соода түйүнү.

Үлгүлүү номинацияны жеңгендер Ош шаарынын мэриясынын дипломун алып, 10 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлыктар менен сыйланды. Ал эми активдүү катышкандар үчүн “Ыраазычылык баракча” берилип, акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий