• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Ош шаарында алгачкы ирет “Ордо” улуттук оюну боюнча мелдеш өтүүдө

Аймак 0

Бишкек, 23.04.21. /Кабар/. Ош шаарында алгачкы ирет “Ордо” улуттук оюну боюнча мелдеш өтүп жатат.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, кечээ мелдештин расмий ачылышы болду. Ага Ош шаарынын вице-мэри Асылбек Топчубаев жана ордо боюнча башкы машыктыруучу Жаныбек Айталиев катышты.

Мелдешке Кыргызстандын жети облусунан, ошондой эле Ош жана Бишкек шаарларынан командалар келип катышып жатат. Жеңүүчүлөр Ош шаарынын дене тарбия жана спорт комитетинин баалуу белектери, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Ордо федерациясынын дипломдору менен сыйланышат.

Турнирде өзгөчөлөнгөн оюнчуларга ордо боюнча спорт чебери жана талапкерлери наамы берилет. Эң негизги байге жеңген команда Түркияда өтүүчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнуна жолдомо алат.

Белгилей кетсек, быйыл ордо оюну Ош шаарында өткөн үчүнчү республикалык чемпионат. Ага чейин Ош шаарында самбо жана бокс боюнча республикалык мелдеш өткөн.

Пикир

Оставить комментарий