• 88.68
  • 95
  • 0.95

Ош шаарында дезинфекциялоо иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 20.06.20./Кабар/. Коронавирус илдетинин жайылып кетүү коркунучун алдын алуу максатында Ош шаарынын аймактары дезинфекцияланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Тактап айтканда, КР ӨКМнин Ош шаардык башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан, кечээ, 19-июнда шаардагы Туран, Курманжан-Датка, Сулайман-Тоо, Амир-Тимур, Манас-Ата муниципалдык аймактык башкармалыктарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн кире бериш жерлерине, балдар аянтчаларына, 25 дүкөн, 3 мектеп, 22 дарыкана, 4 эт сатуучу жай жана башка коомдук жайларга хлор аралашмасы чачылды.

Эскерте кетсек, бул иш-аракеттер республиканын бардык аймагында жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий