• 88.34
  • 95.27
  • 0.96

Ош шаарында Миграция ресурстук борбору ачылды

Аймак 0

Бишкек, 05.03.24. /Кабар/. Бүгүн, 5-мартта Ош шаарында Миграция ресурстук борбору ачылды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Иш-чарага эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Гүлнара Баатырова, ICMPD башкы директору Микаэль Спинделеггер жана ICMPD Чыгыш Европа жана Борбордук Азия боюнча аймактык жетекчиси Радим Жак катышты.

Европа Биримдиги тарабынан каржыланган бул долбоор ЕБ менен ICMPDнин миграцияны башкарууга берилгендигинин далили болуп саналат. Аталган долбоордун алкагында Эмгек министрлиги менен биргеликте Ош шаарында Миграция ресурстук борбору түзүлдү.

МРБ министрликтин бөлүмүндө жайгашкан долбоордук структура болуп саналат жана мыйзамдуу миграциянын келечеги жана мыйзамсыз миграциянын тобокелдиктери жөнүндө маалымдуулукту жогорулатууда жана актуалдуу, так жана өз убагында маалымат менен камсыз кылууда өкмөткө колдоо көрсөтүү үчүн иштелип чыккан. Бул бара турган өлкөлөр жөнүндө, ошондой эле мигранттардын укуктары жана милдеттери жөнүндө маалыматтарды камтыйт.

Кыргызстандын миграциялык шартын эске алуу МРБны ачуу үчүн Ош шаары тандалган. Потенциалдуу мигранттар, эреже катары, Ош шаарынан жана Фергана өрөөнүнүн чектеш райондорунан (анын ичинде Жалал-Абад, Баткен жана Ош облустарынан) келишет.

Мындан тышкары, долбоор миграцияны башкарууну жана жөнгө салууну колдоого багытталган, жалпысынан Кыргызстандын жарандарынын укуктарын, жыргалчылыгын жана кызыкчылыктарын коргоо менен дүйнөлүк эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатууга көмөктөшөт.

Эмгек министри Гүлнара Баатырова белгилегендей, өлкө жетекчилиги миграция маселесинин маанилүүлүгүн так түшүнөрүн белгиледи.

Маалымат үчүн: Миграция саясатын өнүктүрүү боюнча эл аралык борбордун башкы директору Микаэль Спинделеггер "Жибек Жолунун тандалган өлкөлөрүндө жана Борбордук Азия өлкөлөрү" миграцияны башкарууну жана мигранттарды коргоону жакшыртуу" долбоорунун расмий башталышын жарыялады.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн ICMPD Кыргызстан менен өз ара түшүнүшүү жөнүндө эки меморандумга кол койду. Анын бири Эмгек министрлиги менен 2023-жылы Австрияда өткөн Миграция боюнча Вена конференциясында, экинчиси 2022-жылы парламенттин төрагасынын Миграция жана адам сатуу боюнча кеңеши менен.

Пикир

Оставить комментарий