• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош шаарында патрулдук милиция өз ишин баштады

Аймак 0

Бишкек, 07.12.20. /Кабар/. Бүгүн, 7-декабрдан баштап Ош шаары боюнча Милициянын кайкуул кызмат бөлүмү ишке кирди. Бул тууралуу КР Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Милициянын кайгуул кызмат бөлүмүнүн кызматкерлеринин негизги милдети коомдук жайларда коопсуздуктун алдын алуу жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо.

"Ош шаары 11 чарчы тилкесине бөлүнгөн, 15 маршрут боюнча жөө патрул жана 22 кызматтык унаалар менен авто патрулу эки сменада кызмат алып барат. Бүгүнкү күндө Ош шаарында Милициянын кайгуул кызмат бөлүмүнүн биринчи этабы менен 114 кызматкери талапка ылайык баардык техникалык жабдуулар менен камсыздалып иштей баштады", - деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, Ош шаары боюнча 219 бош орунга 497 талапкердин арыздары кабыл алынып, алардын 129 талапкер конкурстук тандоодон ийгиликтүү өтүп ИИМдин атайын окуу жайында 3 айлык окутуу курсун баштаган. Ошондой эле ушул жылдын сентябрында 90 бош орунду ээлөөгө конкурстун экинчи этабы башталган.

2018-жылы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматы менен Милициянын кайгуул күзөт кызматын бириктирип Милициянын кайгуул кызматын түзүү боюнча реформалоо чечими кабыл алынган.

Пикир

Оставить комментарий