• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ош шаарынын аймагында мүлк жана жер салыгы боюнча рейд жүрүүдө

Аймак 0

Бишкек, 28.09.20. /Кабар/. 2020-жылдын 25-сентябрында Ош шаарында салыктарды жыйноо боюнча атайын рейд башталды.

Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан кабарлашкандай, жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу максатында, шаардык салык кызматы тарабынан мобилдик топ түзүлүп, үймө-үй кыдыруу иштери жүрүп жатат.

Ошондой эле шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкерлери менен биргеликте 4-топтогу транспорт салыгын жыйноо боюнча рейддик көзөмөлдөө иштери жүргүзүлүүдө.

"Бул иш-чаралардын натыйжасында бүгүнкү күнгө карата транспорт салыгынан 28 471,7 миң сом жыйналса, мүлк салыгы (1 гр) боюнча 829 субьект тарабынан жергиликтүү бюджетке 5382,6 миң сом, жер салыгы боюнча 16 470 субьект тарабынан 13 602,9 миң сом салыктык төгүмдөрдүн төлөнүшү камсыздалды", - деп билдиришти мэриядан.

Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн толтуруу боюнча жүргүзүлүп жаткан жумуштар Ош шаарынын баардык аймактарында мындан ары уланат.

Пикир

Оставить комментарий