• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Ошто 200гө жакын спорт кызматкерлери Сулайман-Тоону тазалашты

Аймак 0

Бишкек, 17.09.18. /Кабар/. Бүткүл дүйнөлүк тазалык жана Ош шаарынын күнүнө карата шаар мэри Таалайбек Сарыбашовдун демилгеси менен массалык ишембилик болуп өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирет.

Анын негизинде Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы Кылычбек Саркарбаев жетектеген комитеттин кызматкерлери, шаардагы спортчулар, машыктыруучулар Сулайман-Тоону тазалашты.

“Шаардагы спортчуларыбыздын дээрлик көбү ушул Сулайман-Тоодо машыгышат. Машыгуу учурунда ,чуркап чыгып, түшкөндө бул жерде таштандыларды көп байкайбыз. Ошондуктан, дал ушул жерди тазалоону туура көрдүк. Сулайман-Тоону, шаарыбызды таза кармоого, таштандыларды таштабоого жалпы шаар тургундарын жана меймандарын чакырабыз”,-деди К.Саркарбаев.

Ишембиликке жалпы 200гө жакын спорт кыматкерлери катышты.

Пикир

Оставить комментарий