• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Ошто 5 шайлоо тилкесинде добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 11.04.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Ош шаарында 5 шайлоо тилкесинде участкадан сырткары добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды. Бул тууралуу Оштун аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Расулбек Кадыров брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, кечээ, 10-апрелде Оштогу шайлоо тилкелеринде участкадан сырткары добуш берүү жүргөн.

“Оштогу 5 шайлоо тилкесинде бузуулар катталгандыгы үчүн участкадан сырткары добуш берүүнүн жыйынтыгы жокко чыгарылды”, - дейт ал.

Кадыров бүгүн жалпы 58 миң 663 жаран (38,61%) добуш бергенин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий