• 88.26
  • 95.98
  • 0.97

Ошто кайгуул кызматкерлери 5-кабаттан секирүүгө аракет кылган аялды куткарышты

Аймак 0

Бишкек, 11.07.22. /Кабар/. Ошто кайгуул кызматкерлери 5-кабаттан секирүүгө аракет кылган аялды куткарышты. Бул тууралуу Ош шаары боюнча МККБнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 9-июлда болжол менен саат 15:00дө «102» кызматына Т. Кулатов кичи шаарчасынын тургуну өзү жашаган көп кабаттуу үйдүн бешинчи кабатынан секирүүгө аракет кылып жатат деген билдирүү түшкөн.

Окуя болгон жерге үч кайгуул кызматкери барып, 31 жаштагы аялдын өмүрүн сактап калышкан.

Пикир

Оставить комментарий