• 88.39
  • 94.96
  • 0.97

Ошто мамлекеттик мүлк мыйзамсыз ижарага берилип, 1,9 млн сом зыян келтирилген

Аймак 0

Бишкек, 14.02.23. /Кабар/. Ошто мамлекеттик мүлк мыйзамсыз ижарага берилип, мамлекетке 1,9 млн сом зыян келтирилген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык прокуратурасы тарабынан мамлекеттик мүлктөрдү мыйзамсыз ижарага берилгендиги аныкталып, аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголду.

Текшерүүдө, Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча фондунун Ош, Баткен облустары жана Ош шаары боюнча өкүлчүлүгүнүн кызмат адамдары жана “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын Ош шаарындагы бөлүмүнүн кызмат адамдары аталган мекемеге караштуу мамлекеттик имаратты аукциондон өткөрүүдөн качып, мамлекетке түшө турган пайданы атайын азайтып, жеке жактардын атынан жасалма келишимдерди түзүп, өздөрүнө пайда табуу максатында “А.Т.” жеке мектебине, жеке жана юридикалык жактарга ижарага беришип, мамлекетке 1 млн 964 миң 373,71 сомдук ири өлчөмдө зыян келтирилгендиги аныкталган.

Бүгүнкү күндө тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий