• 88.21
  • 95.66
  • 0.97

Ошто музей кызматкерлеринин республикалык семинары өтөт

Коом 0

Бишкек, 26.09.19. /Кабар/. Ош шаарында КР музей кызматкерлеринин республикалык семинары өтөт.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, семинар 26-27-сентябрь күндөрү өкмөттүн Оштогу ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн жыйындар залында өтөт.

"Кыргызстанда бүгүнкү күндө санариптик технологиялар мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты болуп саналат. Аталган семинар Кыргыз Республикасынын музейлеринин ишмердүүлүгүнө санариптик технологияларды киргизүүнүн пайдасы жана аны кантип өнүктүрүү темасына багытталган", -деп айтылат билдирүүдө.

Аталган семинардын теориялык жана практикалык негизги иштелип чыккан принциптер, тыянактар жана өлкөдөгү музейлердин коммуникациялык ишмердүүлүгүн жакшыртууда жана санариптештирүүдө андан ары адаптациялоо базасы жана музейлердин өз ара аракетенүүсү жана музейден сырткаркы аудиториялар менен кызматташуу деңгеээлин күчөтүү болуп саналат.

Пикир

Оставить комментарий