• 88.33
  • 95.66
  • 0.97

Ошто пробация кеңешинин кезектеги жыйыны өттү

Аймак 0

Бишкек, 27.03.24. /Кабар/. Ош шаарынын мэринин орун басары Нурбек Кадыровдун төрагалыгы астында пробация кеңешинин кезектеги жыйыны өттү.

Анда 2023-жылдын 4-кварталында өткөн жыйында кабыл алынган чечимдердин аткарылышы, 2024-жылдын 1-кварталына карата коомдук жумуштарды аткаруу үчүн объектилердин тизмесин бекитүү, Ош шаары боюнча пробация бөлүмүндө каттоодо турган жарандарга социалдык, медициналык жактан көмөк көрсөтүү маселелери талкууланды.

Ошондой эле пробация жаатында аткарылган жумуштарды “Пробация” санариптик маалымат тутумуна киргизүү боюнча маселе каралып, бир катар сунуштар айтылды.

Соңунда пробациянын кардарларын талаптарга ылайык кайрадан социалдаштыруу, оор турмуштук кырдаалдан чыгууга ар тараптуу көмөк көрсөтүү тапшырмасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий